Admin

УЗАК ЖАШОО ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР

    • 1

    1. Лифтти күтүүнүн ордуна тепкич менен жөө чыгыңыз. Бул бутту жана жүрөк-кан тамыр тутумдарын бекемдейт. Таза абада көп болуп, жөө басууну адатка айлантыңыз.

    2. Сууда көп сүзүңүз. Суу жашоонун энергиялык запасын берет, а сууда сүзүү организмге өтө пайдалуу.

    3. Мамилечил болуңуз. Мүмкүн болушунча көп адамдар менен сүйлөшүп, жакшы мамиле түзүңүз. Жакындарыңыздан алыстабаңыз. Айрыкча күйүшөөр, таянар адамдарыңыздын көңүлүн калтырбаңыз. Башкалардын туура эмес мамилеси жана жосундары үчүн эч качан капа болбоңуз. Ким жаман ойлоп, туура эмес мамиле жасаса, ал өзүнө жасайт. Кечиримдүү, ак пейил болуңуз. Сиз муну менен стресстен да кача аласыз.

    4. Жашоого нааразы болуп, арманыңызды айта берүүнү токтотуңуз. Сизден “Кандай?” - деп сурашса, “Эң сонун !” же “жакшы” - деп жооп бериңиз. Ар бир адамдын өзүнүн көйгөйлөрү бар, бирок муну элге жарыялай берүүнүн кажети жок.

    5. Тамеки чегүүнү, ичимдик ичүүнү адатка айлантпаңыз. Андан көрө спорт менен машыгыңыз. Муну жалгыз эмес, досторуңуздун арасында ишке ашырсаңыз эң жакшы болот. Бул үчүн фитнес-клубга, бассейнге жазылыңыздар же үйдө деле машыксаңыздар болот. Ден булчуңуңуз менен бирге эле жан жана акыл булчуңдарыңызды чыңдоону да унутпай, китепке өнөк болуңуз. Балдарга батыштын: Телевизор көрүп чоңойгон баланы китеп окуп чоңойгон бала башкарат"- деген накыл кебин айта жүрүңүз. Билимсиз өлкөнүн келечеги жок.

    6. Көк чөптөрдү жана жашылчаларды көбүрөөк жеңиз, алар пайдалуу заттарга бай жана келбетиңизди келишимдүү кылып сактоого жардам берет. Эгер диабет болуу калуу опурталдыгы болсо же эткел болуп жашоо сизге жакпаса, жемиштерди күндүзгү саат 3кө чейинки убакта жегенге аракет жасаңыз. Өзүңүздүн тамак рационуңузду буурчак азыктары, жаңгак, курма, мисте, жүгөрү ж.б. менен байытыңыз. Эгер конокко баруу же конок күтүү маселеси болбосо, саат 6дан кийин тамак жегенди, саат 8-ден кийин суу ичүүнү да токтотуңуз.

    Похожие публикации