Admin

Тар бут кийимди кантип кеңейтүү керек?

    • 1

    Бут кийим сатып алганда чактай эле сезилип, үйгө келип кийип көргөндө кысып калган учурлар көп эле болот эмеспи. Мындай учурда эгер дүкөнгө кайра баргандан эринсеңиз, аны төмөнкүдөй жолдор менен кеңейтип алганга болот.
    Жаңы бут кийимдин арты бутуңузду өйкөбөш үчүн ошол бөлүгүнө шамды же самынды сүртүп койсоңуз болот. Ошондой эле спиртке малынган чүпүрөк менен сүртсөңүз да бут кийим өйкөбөйт.
    Жаңы бут кийим кыспаш үчүн анын ички бетин 3%дык уксус менен сүртүп койгонуңуз жакшы жардам берет.
    Булгаарыны спирт жакшы жумшартат. Андыктан, бут кийимдин ичине арактан же таза спирттен сүртүп, калың байпак менен кийип алыңыз. Мындан соң булгаары жумшарып, кеңейип, жаңы бут кийим сиздин бутуңуздун формасына келип калат. Бирок бир нерсени эске алыңыз: бут кийимдеги спирт толук кургамайынча көчөгө кийип чыкпай туруңуз. Анткени, ал булгаарыны бузуп, бут кийимдин түсүнө залал келтирип коюшу мүмкүн. Башкача айтканда, бут кийим сырткы көрүнүшүн жоготуп, анда ар кандай тактар пайда болуп калат.
    Гезиттин жардамы менен да кеңейтүүгө аракет кылып көрүңүз. Ал үчүн гезитти бир аз суулап, бут кийимдин ичине тыгыз кылып ныктап салыңыз да, бир суткадай күтүңүз. Салынган гезит канчалык көп болсо, бут кийим ошончолук жакшы чоюлат.
    Дагы бир ыкма: бут кийимдин ичине бүтүн полиэтилен пакетин салып, ага агып кетпегидей кылып суудан куясыз. Андан соң бут кийимди суусу менен муздаткычтын тоңдургучуна салып коёсуз. Тоңгон суу бут кийимди кеңейтет. Бирок жайкы бут кийимдер мындан кийин эч нерсе болбойт деген кепилдик жок.

     

    Похожие публикации